Коом
Кыргызстанда вирус жуктурган 17 учур катталды. Жалпы саны 682
26-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар аймактар боюнча:
Ош облусунда – 2,
Ош шаарында – 1,
Жалал-Абад облусунда – 2,
Бишкек шаарында – 7,
Чуй облусунда – 1,
Нарын облусунда – 2,
Баткен облусунда – 2 учур.
Жалпы саны 682ге жетти.