Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсеп ачылган күндөн тартып баардыгы 16 141 047 сом 78 тыйын түшкөн.
Бул каражаттан турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн акчалай каражаттарды бөлүштүрүү Комиссиясынын чечими менен:

— Бишкек шаарынын мэриясына – 792 500,00 сом;

— Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бөлүнгөн 3 587 496,00 сом;

— Нарын шаарынын мэриясына – 1 000 000,00 сом;

— Жалал-Абад шаарынын мэриясына — 1 000 000,00 сом;

— Сузак райондук мамлекеттик администрациясына — 2 000 000,00 сом;

— Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына — 1 000 000,00 сом бөлүндү.

Бүгүнкү күндө эсепте калган сумма 2 761 051 сом 78 тыйынды түзөт.