Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — мамлекеттик статистика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!   

Мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон сапаттуу статистикалык маалыматтарды камсыз кылуу аркылуу Сиздер маанилүү милдетти аркалап келесиздер.

Учурда сиздердин алдыңыздарга өлкөнүн калкын электрондук форматта каттоону өткөрүү жана санариптик  технологияларды колдонуу менен жалпы ишмердикти кайра жаңылоо милдети коюлду. Бул ишти татыктуу аткарасыздар деп ишенем.

Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазылык билдирем.  

Сиздерге ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайм!»