Италия 4-майдан тартып коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүнүн 2-фазасын баштайт, анын жүрүшүндө чектөөлөрдүн айрымдары алынып салынат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте билдирген. 

Белгилей кетсек, көптөгөн өлкөлөрдө мындай жумшартууларга уруксат бериле баштады. Маселен, Чехияда өткөн жума күндөн тартып эрежелер жумшартылса,  Хорватия менен Швейцарияда, ошондой эле Грузияда бүгүнтөн баштап, башкача айтканда  27-апрелден тартып чектөөлөр кыскартылат.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң эле катаал чектөөлөр Испанияга таандык. Өлкө тургундары үйдөн тамак-аш азыктарын, дары-дармек сатып алуу, оорукана, ошондой эле ишке баруу, үйдүн жанында иттерди сейилдетүү үчүн гана чыга алышат.

Ошого карабастан, Премьер-министр Педро Санчес жогорку даярдык режимин 9-майга чейин узартуу тууралуу парламентке кайрылаарын билдирген.