Экономика
Улуттук банк кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебинен бизнести колдоосу зарыл
ЖК алдындагы Бизнести жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча кеңеш бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн-конференция өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө бизнес өкүлдөрү айрым бир ишкердүүлүк субъектилеринин иштөөсүнө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылышты.
Ошондой эле депутат Абдывахап Нурбаев Улуттук банк менен Россиялык-Кыргызстандык өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен Бизнести колдоо боюнча туруктуу фонд түзүү зарылчылыгы тургандыгын кошумчалады.