ЖК алдындагы Бизнести жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча кеңеш бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн-конференция өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө  бизнес өкүлдөрү айрым бир ишкердүүлүк субъектилеринин иштөөсүнө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Ошондой эле депутат Абдывахап Нурбаев Улуттук банк менен Россиялык-Кыргызстандык өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен Бизнести колдоо боюнча туруктуу фонд түзүү зарылчылыгы тургандыгын кошумчалады.