Бишкек шаарындагы Ден-Сяопин 71-102 көчөсүнүн тургундары жол четиндеги тротуарларды оңдоо иштеринде курулуш нормалары сакталбай жаткандыгын айтып чыгышты.

Алардын келтирген жүйөсүндө Бишкек шаардык мэриясынын архитектурасы жана архитекторлору тротуарларды оңдоо иштеринин долбоорун чийүүдө бир топ калпыстык кетирген. Айтымдарында жол четиндеги бордюрлар мурдагысынан 40 сантиметрге бийик болгондуктан жарандар үйлөрүбүзгө автоунаа менен кире албай же чыга албай калдык дешүүдө.

Мындан сырткары, ошол аймактагы кафе жана башка ишканаларды иштеткен ишкерлер автоунаа токтотуучу аянтчаны дагы бузуп салышканын айтышууда. Ишкерлер өз кардарларына шарттын,  унаа токтотуучу жайдын жоктугуна нараазычылыгын билдирип Жогорку Кеңешке жага мэрияга кайрылуу жолдошту.

Азырынча шаар бийлигинин тиешелүү кызматтары бул боюнча пикирин билдире элек.