Дүйшөмбүдө республика аймагында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Талас жергесинде +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28…+33, Нарын, Ысык-Көл аймактарында +20…+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, Ошто +31…+33, борбор калаада +30…+32 градус ысык болот.