Кылмыш-кырсык
ИИМ: түндө коменданттык сааттын эрежелерин бузган 80 жаран кармалып, 6 автоунаа атайын жайларга токтотулду
Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 80 жаран жеткирилип, 6 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 66,
Ош шаары – 1,
Жалал-Абад шаары – 5,
Сузак району – 2,
Нарын шаары – 4,
Ат-Башы району – 2.
Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3582 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.