Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, Икрамжан Илмияновдун жактоочуларынын апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда 20-майда каралат.

Маалыматка караганда, Илмияновдун иши боюнча соттук отурум 27-мартта болмок. Бишкекте пандемияга каршы өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу жараяны кийинкиге жылдырылган.

Эске салсак, 2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу менен үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан. Ошондой эле Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып коюлган.