Нарын шаарында коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады

Республикалык ыкчам штабдан билдиргендей, облус аймагында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйө баштагандан улам, аталган лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, иштей баштады.

Учурда ал жерде 4 адис иштеп жатат, үчөө Бишкек шаарынан барган.

Бул лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.