Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга келген кытайлык дарыгерлердин иш сапары аяктаганын билдирди.

Алар менен кечээ вице-премьер Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, президенттик аппараттын жетекчисининин орун басары Алмаз Кененбаев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, дарыгерлер менен коштошкону кабарланууда.

Абдикаримов кытайлык кесиптештерине илдет менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, эксперттик топ сапарынын алкагында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана ооруларды алдын алуу департаментинин иши менен таанышкан. Ал жакта лабораториялык диагноз, жуктургандарды аныктоо алгоритми, жакын байланышкан адамдарды обочолонтуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, Кытайдагы эпидемиологиялык иликтөөлөрдө колдонулган ыкмаларды айтып беришкен. Ошондой эле, бейтаптарды кантип дарылоо, коргонуучу каражаттарды туура колдонуу, вирус жуктургандарды ташуу боюнча Кыргыз медициналык мамлекеттик институтунда онлайн-семинарларды өтүшкөн. Ага өлкөнүн 700дөн ашык медицина кызматкери катышкан.

Маалым болгондой, Кытайдын медиктеринен турган топ өлкөдөгү коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн 20-апрелде келген.