Россиянын Коргоо министрлиги март айынын башынан 26-апрелге чейин 874 аскер кызматкерлеринен коронавирус табылганын ачыктады.

Анын ичинен төртөөнүн абалы оор, 15 аскердики орточо оор деп бааланууда. Аскер кызматкерлеринин 320сы ооруканага жаткарылган. Калганы ооруканага жатууга муктаж эмес деп айтылууда.

Мындай маалыматты Коргоо министрлиги биринчи жолу берип жатат. Аскерлерден вирус табылганы тууралуу буга чейин бир да айтылбай келген. Министрлик мындан тышкары аскердик окуу жайларда окуган 779 курсанттан жана аларга сабак берген 192 мугалимден илдет аныкталганын кошумчалады. Россияда коронавирус баш аягы 80 миңден ашуун жаранга жуккан . Ал эми оорудан 747 адам каза болгон.