Дональд Трамп жана анын администрациясы жаңы изилдөө жүргүзүүдө, ага ылайык COVID-19 вирусун жуктургандарды күн нуру менен дарылап айыктырууга мүмкүн. Илим жана технологиялар боюнча министрдин орун басары Уильям Брайан күн нуру катуу тийген жерде вирустүн күчү кетет деп билдирүүдө.

Ал эми вице-президент Майк Пенс изилдөөнүн жыйынтыгы Америкага вирусту жеңгенге жардам берет деп үмүт артууда. Трамп «Эгерде күн нурун оорулуу адамдын организмине алып кирүү мүмкүн болсо, анда ал вирусту бир мүнөттө жок кылмак» — дейт. Брайандын айтымында, күн нурунун таасири катуу болот, ошол себептүү ал жакшы тийген жерде вирус өлөт. «Күн нуру көбөйгөн сайын вирус жок болот», — дейт министрдин орун басары. Айтор АКШ пандемиядан катуу жабыркап, учурда колдон келген аракетин жумшоодо. Белгилүү болгондой буга чейин, Трамп дарыгерлерге конференцияда химиялык тазалоочу каражаттарды ичип же иийне сайып көрүү жолун сунуштаган эле.