27-апрель: Айыккан 25 бейтаптын 16сы Нарындан

Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Республикалык ыкчам штаб билдиргендей, алардын экөөсү Бишкек шаарында, экөөсү Ош шаарында, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусуна бир жана Нарын облусунда 16.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 395 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.