Өткөн суткада коронавирус жуктуруунун 13 жаңы учуру катталды

2020-жылдын 27-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, алардын эң көбү Бишкек шаарында. Чүй жана Ысык-Көл облусунда экиден болсо, Ош шаары, Ош облусу жана Нарын облусунда бирден учур катталды.


Жалпы 695 жаран коронавирус илдетин жуктуруп алган.