Коом
«Мегаком» компаниясы Ош облусуна гумжардам жиберди
Бүгүн «АЛЬФА-ТЕЛЕКОМ» (Мега ком) компаниясы тарабынан Ош облусунун аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 800 даана куту азык- түлүк баштыктары жеткирилди.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, өкүл Узарбек Жылкыбаев «АЛЬФА-ТЕЛЕКОМ» компаниясынын жамаатына ыраазычылык билдирип, буга чейин да милиция, медицина , ӨКМ жана мамалекеттик кызматкерлерди 1 ай бою акысыз байланыш менен камсыздаганын билдирди.
Муктаж үй бүлөлөрдүн тизмеси өкүлчүлүктүн аппараты тарабынан такталып берилген, эми компания өкүлдөрү жардамдарды Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунун жарандарына тизме боюнча жеринен таратышат.
Жарандарга байланышты камсыздоо жана балдардын дистанттык окуусу үчүн акысыз симкарталар да тартылат.