Бүгүнкү күндө covid-19 инфекциясын кайталап жуктуруп алган учур катталган жок, дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 27-апрелде онлайн брифингде.

Ошондой эле Усенбаев суроолорго жооп берип жатып, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын, калктын ден соолугун камсыз кылууда дарыгерлер жетишпей калышы мүмкүн эместигин айтып, дарыгерлердин саламаттыгын коргоо боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги чараларды көрө турганын белгиледи.

«Учурда республикадагы ооруканалар пландык тартипте иштеп жатат,эгерде экстрендик операциялар боло турган болсо, токтоосуз кабыл алынат.

Биздин ооруканалардын бардыгы кандай жардам керек болсо ошонун барын берүүгө даяр», — дейт саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары.