Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кош бойлуу аялдан коронавирус табылды.

Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Ал буга чейин Индиядан дааваттан келгенден кийин коронавирус аныкталган жарандын келинчеги.

Үйдүн ээси буга чейин балдызы жана кичинекей кызына жуктурганы айтылган.

Үй-бүлө мүчөлөрү 30-мартта карантинге алынган.