Бул тууралуу Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл окуучулар дистанттык окууга өткөндүктөн мектептер жабык болот.

«Быйыл 20 жылдык, 10 жылдык мааракелерге тыюу салынат. Алар бара турган мектептер жабык турат. Жолугушуу кечелерин өткөрүүгө жол бербейбиз. Эгерде окуган мектебиңизге же айылыңызга кайрымдуулук иш-чарасын уюштурам десеңиз, аралыктан берип кое бериңиз. Өкүл дайындалса, анын саламаттыктыгын текшерип, жеткирүусүнө жардам беребиз»,деди Нурдинов.

Кыргызстанда карантин убагы 30-апрелге чейин узартылган.