Коом

Карантин шартын катуу кармагыла! Кытайлык адистер кеңеш берди

Кытайдан келген дарыгерлердин эксперттик тобу ата мекендик дарыгерлердин кызматтык деңгээлине баа берип, коронавирус менен күрөшүүдөгү иш ыргагы жакшы деген баа берди.

Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

«Биздин дарыгерлердин деңгээли жогору экенин белгилешти. Ошондой эле лабораториялык шарттарды дагы көрүп, анда эл аралык стандартка ылайык иш алып барып жатканыбызды айтышты. Алар байкоолоруна карап карантин шарттарын катуураак кармоону сунушташты”, — деди Үсөнбаев.

Мындан сырткары кытайлык адистер дезинфкциялоо иштери жакшы нукта жүрүп жатканын кошумчалашкан.

Кытай адистери мындан толук бир апта мурун келген. Бүгүн алар кайра учуп кетишет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button