Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев өзүнүн фейсбук баракчасына кайрылуу жолдоп, анда интернетте бир нече өлкөнүн борбор шаарларын, суулардын аталышын жаңылбай айткан үйсүз кишини издеп жатканын билдирди, “Мен дагы мектепте окуп жүргөндө география сабагын жакшы көрчүмүн. Биздин балдар бул сабакты жакшы өздөштүрсө деп тилек кылат элем. Бул үйсүз кишинин энциклопедияны өздөштүргөн билимине абдан суктандым. Мен дагы видеону көрүп, күчтүү акылына баа бердим. Урматтуу достор, бул кишинин жашаган жерин, же байланыштарын тактап, эгер билсеңиздер билдирип коюууңуздарды өтүнөм. Азык-түлүк жиберип, адамгерчилик менен жардам берип коюууну чечтик” — деп комендант.

Буга чейин интернет колдонуучулар да билдирүү жазып, бул адамдын акылына баа берип, тагдыр мажбурлаган соң ушундай жагдайга туш болгондугун айтып, хайп жасабоого чакыргандар болгон.