Кыргыз Республикасынын бир катар региондоруна жана Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизилгенден баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы бир топ комплекстүү алдын алуу иш-чараларын өткөрүшүүдө. Жарандарыбыздын ден соолугуна жана өмүрүнө кам көрүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

2020 жылдын 25-мартынан баштап күн сайын Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында кызмат өтөп жатышат.

Учурда Ички иштер органдарынын башка кызматтары менен биргеликте Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер кызматчылары Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келүүдө.

ИИМдин Ички аскерлер коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы