Коом

Комендант Ж.Жоробеков: “Биздин башкы максат – сиздин саламаттыгыңыз”

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Джоробеков түз эфирде Жалал-Абад областынын жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп маалымат берди:

— Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. 2020-жылдын 26-апрелинен 27-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 13/12 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 5 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Андан сырткары күндүзгү алдын алуу жана түшүндүрүү иштери менен катар коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 2395 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан – 5, Сузак районунан – 2 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 89 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 74 автоунаа айып аянтчасына коюлган. Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап – “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырамын.

Ушул илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун сактоодо көптөгөн кызматтар биргеликте жумуш аткарылып жатат, бул иштерибиздин баары сиздердин ден соолугунуздар үчүн — “Биздин башкы максат — сиздин саламаттыгыңыз, урматтуу мекендешим” — деди Ж.Жоробеков.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button