Карантин убагы дээрлик үч айга чейин уланарын ар бир жаран жүрөгүнө түйүп, эсинен чыгарбашы керек экенин Жалал-Абад облустук медициналык штабдын орун басары, дарыгер Урматбек Боржиев маалымат жыйында жарандарга кайрылуу учурунда айтты.

Дарыгер түз эфирден жарандарга кайрылып, коронавирустан сактануу эрежелерин эскертти.

“Урматтуу кыргызстандыктар, бул илдет жеңил көрүнгөнү менен аябай кооптуу. Бүт жашообузду, экономикабызды өзгөртүүдө. Карантин эки-үч айсыз бүтпөй турганын ар бир адам мээсине куюп алышы керек. Абал эки-үч айда толук турукташканга чейин үйдө отуруш керек”, — деди Боржиев.

Ошондой эле дарыгер тамак-аш, дары-дармек сыяктуу зарыл нерсени алуу үчүн гана чыртка чыгып, аралыкты сактап, такай бет кап кийүүнү эскертти.