Каракол шаарында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчисинин үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук прокуратурасы билдирди – деп жазат Турмуш басылмасы.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда аталган шаардын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Б.Н. кызматтык абалынан пайдаланып, коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн гуманитардык жардам катары берилген жеке коргоочу каражаттарды (медициналык бет кап, бир жолу колдонуучу кол кап, бир жолу кийүүчү коргоочу костюмдар) кызматкерлерге бербей койгондугу, кызматкерлер коргоочу каражаттарды жууп, тазалап кайра колдонушкандыгы айтылган. Ошондой эле жетекчи медициналык бет каптарды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, гуманитардык жардам катары берилген гипохлорит каражатын жеке жактарга сатып жаткандыгы жазылган.

Буга байланыштуу Каракол шаардык прокуратурасы тарабынан интернет булактарында тараган маалымат боюнча текшерүү иштери башталган.

Мекеменин кызматкерлеринин арызы Каракол шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 205-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде катталган жана азыркы учурда Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.