Дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүндө карантин киргизилип. Туристтер барчу аймактар жабылып, мега шаарлардын көчөлөрүнө жапайы жаныбарлар келгенин басылмалар байма-бай берип келген.

Бул ирет жүрөк үшүн алган окуя Индияда катталды. Чет элдик басылмалар кабарлагандай Индиянын Махараштра штатында жолборстор аз күндө эле 5 адамды өлтүрүшкөн. Индияда жолборстордун адамдарга кол салуусу 13-апрелден башталып, алгач токойго барган бир кишини тытып жеп салган. 3 күн өткөн соң токойго жей турган гүлдөрдү терүү үчүн барган 40 жаштагы кишиге кол салып натыйжасыда ал киши ажалга туш болгон. Дагы 3 адам токойго барып, жолборстун курмандыгы болушкан.

Буга окшош окуя Мадхья-Прадеш штатында да катталган. 3 апта аралыгында жолборстор 13 адамга, ошондой эле балдарга кол салып, өлтүрүп койгону тууралуу маалымат тарады.