Жайыттарда мал жаюууга уруксат берилет, болгону талаптарды аткаруу керек.

Бул тууралуу Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов онлайн брифингде билдирди.

«Негизи 15-апрелден баштап көпчүлүк жарандар жайлоого чыгып кетишкен. Эгер жайытка чыгууда бир айылдан экинчи айылга өтүүдө маселе жаралса, айыл өкмөткө кайрылуу керек. Бул учурда жарандын колунда өзүнүн медициналык аныктамасы, жайлоого алып барчу малдарынын ветеринардык документтери, биркалары болушу керек. Коюлган талаптар аткарылса, жайыттарга өтүүгө уруксат берилет»-дейт комендант.