Коронавирус эпидемиясы күч алып, элибиздин шайы ооп турганда айрым саясый күчтөр адатынча арам ойлорун ишке ашыруунун амалын көрүп башташты. Маселен, азыр Нарын жергесинде, айрыкча Ат-Башы районунда эпидемиологиялык абал кескин курчуп турганда айрым бузукулардын ал жердеги кырдаалды дагы да курчутууга болгон арам ойлуу аракеттеринин бети ачылды.

Атап айтканда, Садыр Жапаровдун тарапкери болуп, Бакиевдердин акырынан жем жеп жүргөн Тимур Махмудов аттуу жаран Садыр Жапаровду чыгарып алышыбыз керек деп Ат-Башыдан санаалаштарын үгүттөп, ар кандай бузукулук иш-чараларды уюштурууга тапшырмаларды берип жатканы ачыкка чыкты. «Карантинде каттай албай жатам, ошондуктан ватсап группаларга таркатыш керек» деп, элди кантип толкундатуу керек экенин айтып түшүндүргөн аудио жазууларын жайылта баштады. Жалпы эл башына караңгы күн түшүп турган учурда минтип капталдан чыгып саясый максатты көздөп чаң тополоң уюштуруу ниети жакшылыкка алып барбайт. Анүстүнө ыйык орозо айында мындай бузукулукка баруу жаратканга деле жакпаса керек. Баса, Ат-Башы аймагында өзгөчө абал режими киргизилип, элибизди эпидемиядан эсен алып чыгып алалы деген аракеттер көрүлүп жатканда, котур ташын койнуна каткан замандаштарыбызга не дейбиз?

Атын атай турган болсок, Ат-Башылык «Садырчылар» — Жумалиев Жеңишбек аксакал, Ибраева Дайрагүл айым, Ниязбек Шыякметов аттуу жарандар ак эткенден так этип, алыстан агып келип жаткан буйруктарды аткарууга шымаланып киришип жаткан кербези.

Айтмакчы, буларды алыстан башкарып жаткан атаманы Тимур Махмудов Чүй боорунда жатып алып, Ат-Башылыктарды тескеп жатканына жол болсун. Айтор кимиси болсо да, элибиз эпидемия менен алп урушуп, эсен-соо калыштын аракетин көрүп жатканда, минтип кайсы бир саясый күчтөрдүн камчысын чаап жатканын көрүп зээн кейийт экен. Же балким Садыр Жапаровдун шылтоосу менен кегин кандыргысы келип жүргөн Бакиевдердин жашыл тутам акчасынын күчү айрым адамдарды эл журтуна каршы иш алып барууга түртүп жатат болду бекен?

Садыр Жапаровдун да шору бар экен. Ар кандай иштерге атын колдонуп,  жаман атты кылып жатышат.Чындап Жапаровдун эркиндигин каалашса мындай кадамдарга барышмак эмес. Бул эргулдарды көздөгөнү башка болуп жатат. Азыр элге ден соолугу, амандыгы керек. Садыр Жапаров өзү айткандай, убактысы келгенде мыйзам менен акталып, бошоп чыгат.