Коом

Юристтер комендант жүргүнчүлөрдүн укугун бузган дейт

«Коомдук транспорт элдин менчик автоунаасы жок катмарына азык-түлүк дүкөндөрүнө, аптекага, банктарга, почтага, ооруканага баруу, дарылануу, улгайган жакындарына жардам берүү жана башка күнүмдүк зарыл тиричилигин аткарышы үчүн керек.

Мындан тышкары коомдук транспорт мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендерге ишке барып келүү үчүн зарыл.

Ошондуктан коомдук транспорттун ишин толук токтотуу менен Бишкек комендатурасы Баш мыйзамды жана «Автоунаа тууралуу» мыйзамды бузуп жатат», деп билдирүүдө юристтер.

«Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду Бишкек комендатурасы шаарда коомдук транспортту толук токтотуу менен жүргүнчүлөрдүн укуктарын бузган деп эсептейт.

Эске салсак, 22-марттан тартып, пандемияга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, коомдук транспорт, соода борборлору, учактар, окуу мекемелери ишин токтотткон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button