Коронавирус жуктуруп алган бейтаптардан ооруканада дарылангандыгы үчүн акча алынбайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, дарыланууга кеткен каражаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен саламаттык сактоо уюмуна төлөнүп берилет.
“Обсервацияга алуу мөөнөтү атайын иштелип чыккан алгоритмге ылайык, 3 жана 14 күн деп белгиленген. 3 күнгө обсервацияга алууга 2467 сом каралган, ал эми 14 күн обсервацияга алууга 6 169 сом каралган.

Ал эми коронавирус илдетин дарылоо төрт даражага бөлүнөт. Алар:

– жеңил даражадагы бейтаптар үчүн акы төлөө суммасы 7 миң 988 сом,
– оорусунун деңгээли орто даражадагы бейтаптар үчүн – 16 миң 370 сом,
– оорусунун деңгээли оор даражадагы бейтаптар үчүн – 74 миң 765 сом,
– оорусунун деңгээли өтө оор даражадагы бейтаптар үчүн – 118 миң 807 сомду түздү”, — билдирди Боронбаева.