Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухаммедов өзгөчө жактырган майрам өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой 26-апрелде Гурбангулы Бердымухаммедов катышкан аттарга арналган майрам белгиленген. Ал күнү жылкылар арасында сулуулук сынагы өткөрүлүп, ахалтекиндердин катышуусунда ар кандай оюн-зоок тартууланган.

Эске салсак, буга чейин Президент Гурбангулы Бердымухаммедов аргымактар тууралуу бир нече китеп жазып, өзү да ат чабыштарга катышып жүргөнү маалым. Бул жолу да ал ахалтекиндин сүрөтүн мыкты түшүргөн сүрөтчүлөргө акчалай сыйлык ыйгарып, ал эми сулуулук сынагында жеңген жылкы ээсине Audi Q8 автоунаасынын ачкычын тапшырган.

Түркмөнстанда ахалтекин тукумундагы жылкыларга шарт түзүүгө бийлик 680 миллион доллар бөлгөн. А бирок бул мамлекеттин калкы эң кедей жашаганы, тамак аш тартыш экени айтылып келет.

Дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан пандемияга бул мамлекетте COVID-19 илдетине чалдыккандар расмий каттала элек.

Белгилүү болгондой президент Гурбангулы Бердымухаммедов коронавирус сөзүн айтууга тыюу салган.