Баткен облусунда буудай эгүү 108,4%, арпа эгүү 106,8% аткарылды.

Жазгы кылкандуу дан эгиндери жалпысынан 20641 гектарга эгилип, 107, 4 % түздү.Анын ичинен буудай 7780 гектарга эгилип, 108,4%, арпа 12863 гектарга эгилип, 106,8% аткарылды.

Картошка 1938 гектарга эгилип,  81,2% түздү.

Жашылча 2514 гектарга эгилип, 75,4% аткарылды.

Интенсивдүу багбанчылыкты өнүктүрүү максатында 300гектарга интенсивдүү көчөттөр отургузулду.

Бүгүнкү күнгө жалпы жазгы талаа жумуштары 90,4% аяктады.

Учурда бардык сугат каналдарына суу берилген.

Облуста 5007 гектарга күздүк дан эгиндери да себилген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы