Азия-Плюс маалымат булагы билдиргендей бүгүн 27-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги, Тажик бийлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине сериалга укуктук баа берүү өтүнүчү менен нота жиберген.

Анткени Казакстан тарабынан тартылган «Патруль» тасмасына элчини тартып, анын укугуна шек келтирилгени айтылууда.

«2020-жылдын 27-апрелинде Казакстандын Тышкы иштер министрлигине «B.A.S production» продюсердик борборунун жана «Көз карандысыз Телеканалдын» кардарларынын ишине укуктук баа берүү талабы менен нота жөнөтүлдү», — дейт маалыматта.

Белгилүү болгондой, Казакстанда тартылган «Патруль» сериалынын видеотасмасы жарыкка чыккан. Анда милиционерлер орус тилин да, казак тилин да билбеген мигрантты кармаган. Кармалган адам тасмада өзбекче сүйлөгөнү менен милиция кызматкерлери аны тажик деп ойлоп, бөлүмгө алып барышат. Аны коридорду сырдап, авто унааны жууганга аргасыз кылышат. Видеонун аягында кармалган киши элчиликке жолду таба албай калган Тажикстандын элчиси экени белгилүү болот.

Кино чыккан соң тажик социалдык тармактын колдонуучулары ачууланып, казак бийлигинен түшүндүрмө сурашууда.