Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ундун элге сатылганы боюнча социалдык тармакта тараган маалыматтын чын-төгүнүн тактоо үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусттук башкармалыгына тапшырма берилгенин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде суроолорго берип жатып билдирди.

Буга чейин интернет айдыңында Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагында материалдык резервдин уну 1350 сомдон сатылып жатат деген маалымат тараган.

«Соцтармакта тараган маалымат боюнча район акими комиссия түзүп, үймө-үй кыдырууну баштады. Андан сырткары Финполицияга атайын жолдомо бердим. Алар да иш алып барышууда. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот. Эскерте кетчү жагдай, базардагы бааны кармоо үчүн 19 тонна ун Сузак районуна гана берилген. 19 тонна ун алынгандан кийин бул чечим токтотулуп, элге акысыз таратыла баштады. Соцтармакта матрезервдин уну сатылганы боюнча маалымат тарап жатат. Бул биринчи таратылган ун болушу мүмкүн», — деди Мирзахмедов .

Бегилей кетсек, мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Жалал-Абад облусуна 150 тонна ун бөлүнгөн.