Кемин районунда абадан дезинфекциялоо иштери уюштурулду.


Дрон жана мотодельтоплан менен карантиндеги Самансур, Кызыл-Октябрь, Кызыл-Суу жана Подгорный айылдарына абадан “Фармайод” дарысы чачылды. Бул препарат, абамдарга, өсүмдүктөргө, жаныбарларга зыянын тийгизбейт жана 40 күнгө чейин чачылган аймакка вирус, бактерия жолотпойт.
Дизинфекция толугу менен “Бай-Дыйкан” ишканасынын жетекчиси Эрлис Акунбековдун колдоосу менен ишке ашты.
Кемин райондук мамлекеттик администрациясы Эрлис Акунбековго ыраазычылык билдирип, кол сунабыз деген эр азаматтар менен кызматташууга даярдыгын белгилейт.