Республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 72 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен: Бишкек шаары – 57,

Ош шаары – 3,

Жалал-Абад шаары –1,

Сузак району – 4,

Нарын шаары – 2,

Ат-Башы району – 5.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3654 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.