Коом

Трамп: АКШ коронавирус боюнча Кытайдын жоопкерчилигин карайт

Коронавирусту өз учурунда кармап калбагандыгы үчүн АКШ  өз кезегинде Кытайды жоопкерчиликке тартуунун ар кыл вариантын караштырууда. Америка президенти Дональд Трамптын айтуусу боюнчакеп өтө ири суммадагы акчалар тууралуу болууда.

«Германия дагы, биз дагы варианттарды иликтөөдөбүз, бирок биз Германия айткан акчадан алда канча чоң сумма тууралуу айтып жатабыз. Азырынча акыркы чечимди кабыл ала элекпиз»-деди Трамп журналисттердин: — Коронавирустун кесепетинен улам болгон чыгашалар үчүн Вашингтон Кытайга кандай кине коёт?- деген суроолоруна жооп берип жатып. Журналисттердин айтуусу боюнча Берлин Кытайдан 30 миллиард евро төлөп берүүсүн талап кылууда.

Белгилей кетсек, Трамп буга чейин COVID-19 коронавирусу Кытайдын Ухань шаарында иштелип чыккандыгын, эгерде бул божомол тастыкталса, Кытай башы менен жооп берерин айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button