АКШ мамкатчысы Майк Помпео өзүн Венесуэланын убактылуу президентимин деп жарыялаган оппозиционер Хуану Гуаидого телефон чалып, Штаттар аны колдой тургандыгын билдирди.

«Ал (Помпео) Венесуэлада демократияны калыбына келтирүү үчүн Гуаидо жана демократиялык мүнөздө шайланган Улуттук ассамблея кабыл алып жаткан бардык күч-аракеттерди колдой тургандыгын тастыктады» — деп айтылат мамдепартаменттин тараткан билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын башында Венесуэлада президент Николас Мадурого каршы массалык жүрүштөр уюштурулуп, Улуттук ассамблеянын башчысы Хуан Гуаидо өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялап жиберген. Ушундан соң бир катар батыш өлкөлөрү менен бирге АКШ  Гуаидону президент катары тааный тургандыктарын билдиришсе, ал эми Россия, Кытай, Түркия жана башка бир катар өлкөлөр Мадурону легитимдүү президент катары колдой тургандыктарын айтып чыгышкан.