Кемин районунда 12746 түтүн үй-бүлө жашайт. Учурда алардын 6000ине азык-түлүк менен жардам берилди. Райондук мамлекеттик админисрациясынан алган маалыматка ылайык, берилген жардам 7 млн сомдон ашкан. Камкордукка муктаж айрым үй-бүлөлөргө карантин башында жана азыр кайрадан азык-түлүк топтомдору таратылган.



Жардам таратуу, мамлекеттик казнадан, жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен ишке ашкандыгы белгилүү болду.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы кемин элине жардамга келген бардык кайрымдуу жарандарга ыраазычылык билдирет.