Мындан бир аз мурда эле Бразилия президенти Жаир Болсонару коронавирусту «кадимки эле сасыктумоо» — деп атап, ал эми аны менен коштолуп жаткан коркунучтарга кол шилтеп, ишенбей тургандыгын айтып келсе, учурда эмне кылар айласын таппай турган кези. Бүгүн ал башкарган мамлекетте Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнө караганда оору жугузуп алгандардын саны  өтө көп болуп (59 миң), каза болгондордун саны 4 миңден ашкан.

Бразилиянын түндүк-батышында жайгашкан Амазонас штатынын Манаус деген шаарында эле каза болгондордун саны бери эле дегенде 30%га көбөйгөн.

Эпидемияны ооздуктоого Эквадор саламаттык сактоо системасынын дагы күчү жетпей келет. Бул жерде Кандаштардын кабыры (Братские могилы) экскаватордун жардамы менен казылууда. Ошол эле учурда бийлик: — Оору али болгон күчүн көрсөтө элек! — деп эскертүү таратууда.