Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жок деп жар салганы менен, пневмания оорусунан көз жумгандар көп болууда. Ал эми айрым окумуштуулар каза болгондор пневмания эмес вирустан улам каза болгондор деп айтууда.

Маалыма болгондой, №1 шаардык медициналык борборуна жалпы 319 адам пневмония оорусу менен жаткырылган, алардын ичинен 136сы медицина кызматкери. 26-апрелде 107 адам сакайып ооруканадан чыккан, ал эми 11 адам оорудан көз жумган, дагы 8 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өткөн аптада ушул эле ооруканада бир нече адам пневмониядан көз жумганы кабарланган. Буга чейин маалым болгондой эң алгач лицейдин мугалими пневмания оорусунан каза болуп лицей жабылган болчу.

Бирок мындай кырдаалга карабай Тажик бийлиги өлкөдөгү вирус жок деп билдирип келет.