Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин линиясы боюнча чет элдик жана атамекендик уюмдардан медициналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардамдар келип түшүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин разнарядкасына ылайык, ар кыл каналдардан келип түшкөн гуманитардык жардам күн сайын аймактардын муктаждыктарына карата республика боюнча бөлүнүп турат.

Комплекттер коргоочу костюмдардан, медициналык беткаптардан, жасалма дем алдыруучу аппараттардан (ИВЛ), экспресс-тесттерден жана COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө зарыл болгон башка медициналык каражаттардан турат.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам катары 482 000 медициналык беткап келип түшкөн, ал эми анын 370 779 даанасы таркатылып берилген.

34 077 коргоочу костюм келип түшсө, анын 33 877 даанасы өлкөнүн медициналык мекемелерине берилген.

Мындан тышкары келип түшкөн N 95 жана N 92 коргоочу респираторлор – 50 317, сарпталышы – 50 080.

Келген гуманитардык жардамдар жана алардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалымат менен төмөнкү шилтеме аркылуу кирип, кенен маалымат алсаңыз болот: http://med.kg/ru/gumanitarnaya-pomoshch.html