Өзбекистан » Темир жолдору» компаниясы кабарлагандай, тез ылдамдыкта жүргөн жүк ташуучу поезд мындан ары Афганистандын «Хайратон» станциясына барып турат.

Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык поезд Ташкенттен товарларды алып, жолдон жүк жүктөлгөн вагондорду кошот.

Маалым болгондой, буга чейин поезд Афганистанга чейин, 5-6 суткада жетсе мындан ары эки суткада жетет. 4 поезд 218 вагонду эксперимент иретинде жеткиргени кабарланууда.