Дүйнөдө жүрүп жаткан пандемиядан улам каатчылык 195 миллионго жакын жумуш ордунун кыскарышына алып келиши мүмкүн.

Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун сайтында маалымдалды.

 Белгилүү болгондой 2020-жылдын экинчи кварталында жумуш ордулары массалык түрдө кыскарат. Докладдын авторлорунун пикиринде пандемиянын айынан дүйнө экономикасы жабыркап баштаса, жумушсуздук жогорку көрсөткүчкө жетет. Өзгөчө орто жана чакан бизнес ээлери, мигранттар, туристтик жана айыл чарба багытында иштегендер жабыр тартышат.