Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү, АКШнын бизнесмени Билл Гейтс коронавирустук кырдаалдан улам келип чыккан курч кырдаал 1-2 жыл ичинде кадимки жашоого кайтып келиши мүмкүн деп эсептейт. Ал бул тууралуу Франциянын “Le Figaro” гезитине берген маегинде айтты.

Анын ою боюнча, бул күндөн санаа тартпай койгонго болбойт. Миллиардер дүйнөнү кадимкидей абалга келтирүү үчүн дарылоонун жана эмдөөлөрдүн эффективдүү ыкмаларын таап чыгыш керек экендигин айткан.

Гейтстин айтымында, «тестирлөө жана байкоо тутумдары» инфекциянын очогун тез арада изилдеп, иштеп чыгып, адамдар өздөрүн «башкара» алышы зарыл. Бирок адамдар мурдагыдай шалаакылык жашоого кайтып келе алышпайт.  Анткени алар COVID-19 алуудан коркуп, жашоо мүнөзүн түп-тамырынан өзгөртөт.

Сарвар уулу Анвар, Ташкент

Булак: NazarNews.kg