Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал аталган аймактарда жакынкы саатта жана күндүз катталмакчы.
“Жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүзү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн. Сак болуңуздар!”-деп эскертет министрликтен.