Өлкө аймагы боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 708ге жетти. Өлкөдө эң алгачкы учур 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталып, улам географиясы кеңейип олтуруп Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында катталды.

Бир гана Талас облусунда ооруну жуктуруп алгандар расмий катталган жок. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Талас облусунда деле өлкө сыртынан келгендер болгон. Бирок биз аларды учурунда ал жакка жибербей, натыйжада ички жуктуруу катталган жок. Ошондой эле алдын алуу, дезинфекциялоо иштери убагында талаптагыдай жүргүзүлдү. Ошол себепен оорунун жайылышына жол берген жокпуз»,-деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру катталган күндөн тарта аталган облуста кирип-чыгуу токтоп, карантиндик посттор коюлган.