Коом

Ош облусунун жашоочулары жапырт тестирлөөдөн өтүшөт

Ош облусунун бардык райондорундагы жашоочулар массалык тестирлөөдөн өтүшөт.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбекова билдиргендей, медицина кызматкерлерлеринин атайын мобилдүү тобу коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондордун баарын тестирлөөдөн өткөрүшөт.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, оорулуулар менен байланышта болгондордун баарын табууга массалык текшерүү жардам бере турганын, күн сайын текшерүүнүн жыйынтыыг менен өзү кабардар болуп турарын билдирди.

Бүгүнкү күндө Ош облусунда коронавирус жуктургандардын саны 160.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button