Коом

Ferrari 2020-жылы эки саамалыктын болорун күтүүдө


Ferrari компаниясы 2020-жыл ичинде эки саамалык чыгарат жана алар өткөн жылдагы Roma, SF90 Stradale, F8 Tributo, F8 Spider жана 812 GTS өңдүү суперкарлардын катарынан толуктайт. Бул туралуу Autocar басылмасына Маркетинг жана сатуу бөлүмүнүн башчысы Энрико Галлиера билдирген.

Ошол эле учурда топ-менеджер келечектеги автоунаалар жөнүндө кененирээк айтып берүүдөн баш тарткан. Эксперттердин божомолу боюнча Ferrari быйыл рынокко мурдагы моделдердин эле жаңы үлгүсүн алып чыгат. Бирок,  ошол эле адистердин айтуусу боюнча  италиялыктар SF Stradale гибриддик суперкардын ачык версиясын камдап жатуусу дагы мүмкүн.
Белгилей кетчү нерсе, учурда Ferrari компаниясынын чыдамсыздык менен күтүлгөн саамалыгы – бул Purosangue кроссовери жана ал рынокко 2021-жылы гана чыгарылат. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button